Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов Бишкек шаарынын мэри унаасын оңдоп берүүсүн талап кылды.
Семетей Султанов социалдык тармактагы баракчасында: "Кимдир бирөө Бишкек шаарынын мэрин көрдүбү? Ал жазында менин унаамдын алдыңкы бамперин оңдоп бериш керек. Жолдор эмнеге айланып калганы белгисиз же Белинский көчөсүнөн (Чыңгыз Айтматов кең көчөсү) башка көчөлөр жокпу?" - деп жазды.
Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Динаранын күйөөсү. Ал 2012-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти кызматын аркалап келет.
Айта кетсек Семетей Султанов Кыргыз Республикасынын футбол федерациясын жетектеп келгенден бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан (июль, 2012-жыл) 90-орунга чейин (октябрь, 2018-жыл) көтөрүлгөн.