"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү пландалган эмес" дейт "Түндүкэлектр" ААКсы

Акыркы 3 күндөн бери SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан электр энергиясы маал-маалы менен өчүп, айрым аймактарда күнү бою жарык жок отурган учурлар катталып жатканын кабарлашууда. Алардын катарында Кара-Кулжа районундагы айылдар, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар аймактар бар. Жаралган жагдай боюнча "Түндүкэлектр" ААКсына байланышып, электр жарыгы эмне себептен өчүрүлүп жатканын, бул пландуу өчүрүүбү деген суроо менен кайрылдык.

"Быйылкы жылы профилактикалык өчүрүү пландалган эмес. Жер-жерлердеги электр энергиясынын берилбей жатышы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам жаралган авариялардан болушу мүмкүн. Жааган кардан улам электр чубалгылары суу кардан үзүлөт. Ошондой эле үй жылытуу максатында электр приборлорун массалык колдонуудан көмөк чордондор көтөрө албай авария болгон учурлар кездешет. Быйылкы жылга карата электр энергиясынын запасы жетиштүү", - деди "Түндүк Электр" ААКсынын басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, фракция жыйындарынын биринде күз-кыш мезгилине карата даярдык тууралуу "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасы Азамат Абдыкадыров быйыл өлкөдө электр энергия маал-маалы менен өчүрүлбөй турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан