Бишкекте "АгроТехЭкспо-2018" айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү өтүүдө. Анда 20 өлкөнүн 30 компаниясынан келген өкүлдөр, ошондой эле республиканын булуң-бурчунан келген фермерлер жана дыйкандар катышууда. Көргөзмө 16-ноябрга чейин уланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын ачылышына катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө аймагында 2020-жылга чейин Машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү боюнча план иштелип чыкканын айтты. Анын билдиришинче бүгүнкү күндө республика боюнча 71 МТС иштеп жатат, анын 15и 2018-жылы түзүлгөн.
"Айыл чарбасынын потенциалын күчөтүү - ата мекендик агрардык тармакты өнүктүрүүнүн маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден кийин дыйкан-фермерлерибиз үчүн кеңири базардын ачылышы менен кошо катуу атаандаштык да пайда болду. Буга байланыштуу биздин дыйкандардын жана кайра иштетүүчүлөрдүн жаңы технологияларды колдонуусу заман талабы болуп саналат. Биз өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын сапаты жогору жана өздүк наркы төмөн болушун жетишүүгө тийишпиз", - деген Кубатбек Боронов өлкө аймактарында мындай көргөзмөлөрдү өткөрүү маанилүү экендигин белгиледи.
Маалыматка караганда көргөзмөнүн алкагында лизинг боюнча долбоорлор көрсөтүлүп, айыл чарба техникасын камсыздандыруу, насыя берүүчү ишканаларды лизинг долбоорлоруна тартуу маселелери каралат.