Жайыл районунда спирт ичимдигин ичип, энелик милдетин аткарбаган аялдын 5 айлык баласы ооруканага жеткирилди

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында "Камкордук" деген профилактикалык иш-чара өткөрүүдө. Милиция кызматкерлери анын жүрүшүндө спирт ичимдиктерин колдонгон жана эч бир жерде иштебеген аялдын үйүнө да барып, анын 5 айлык баласын ооруканага жеткирип бергенин Чүй ОИИББинен кабарлашты.

"Милиция кызматкерлери үйдө 5 айлык бала бар экенин көрүп, тарбиялоо жаатына көңүл бурушкан. Жыйынтыгында баланын апасы өзүнүн энелик милдеттерин так аткарбаганы аныкталган. Ошондой эле батирде жашап күн кечирип келгенин аныкташкан. Жыйынтыгында энеден баланы алып, райондогу аймактык ооруканага жеткиришти", - деп кабарлашты облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан