Жалал-Абадда үй-жайы жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды

Жалал-Абадда үй-жайы жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык мэриянын алдындагы "Камкордук" борборунун жетекчиси Таирбек Чойбеков билдирди.

Анын айтымында, баш калкалоочу жай мэриянын буйругу менен ачылды.

"Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу менен медициналык окуу жайга караштуу эски стадиондун кийим алмаштыруучу жайы убактылуу баш калкалоочу жай болду. Үй-жайсыз жарандар үчүн ачылган жайга шаардык бюджеттен 162 миң сом бөлүндү. Бул каражат баш калкалоочу жайдагыларга бир маал ысык тамак берүүгө, керектүү буюмдарды алууга жана аларды мончого түшүрүүгө жумшалат. Аталган жай 30 адамга ылайыкташкан", - деди Таирбек Чойбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Japarali
2018-11-15 09:59:37
Молодец азыркы заманда сооп иш кылыш керек.
0
Benazir08
2018-11-15 10:03:54
Каап ушундай нерсе бизде аз болсо экен жетимдер уйун карылар уйун ушундай уйун жок болушун каалайм эли журтум бала чакасы мн аман болуп ынтымактуу кун кечирип жашашыбызды озумо эле эмес бутундой кыргыз элиме тилейм....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан