Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти кароону улантат. Буга чейинки сот отуруму ишти карап жаткан судьянын ден соолугуна байланыштуу башка күнгө жылдырылган болчу.
Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган.
Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкекте болсо, калган экөө Орусиянын абак жайында кармалууда.