Футбол боюнча Кыргыз курамасы Азия Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук курама команданын медиа-офицери Павел Синегубов кабарлады.
Маалыматка ылайык, беттеш 17-ноябрда өтөт.
"Футбол боюнча улуттук курама команда "Касимы Антлерс" клубу менен контролдук беттеш өткөрөт. Беттеш 17-ноябрда Япониянын Кашима шаарында өтөт. "Касимы Антлерс" клубу Азия Чемпиондор Лигасынын учурдагы жеңүүчүсү болуп эсептелет. Аталган клубдун Чемпиондор Лигасын жеңгенден кийинки алгачкы оюну Кыргыз курамасы менен өтө турган болду.
Көпчүлүк курамалар маанилүү беттештердин алдында ушул сыяктуу контролдук оюндарды өткөрүшөт. Мындай оюндарды машыктыруучулар оюнчулардын даярдыгын сыноо максатында өткөрүшөт. Контролдук беттештердин жолдоштук беттештерден айырмасы - оюндун статистикасы эсептелбейт, башкача айтканда, расмий статистика катары колдонулбайт", - деди Павел Синегубов.
Улуттук курама учурда Японияда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жүрөт. 20-ноябрда Кыргыз курамасы Япониянын улуттук курамы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.