Бишкекте "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу жыйын өтүп жатат

Бишкекте бүгүн, 15-ноябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аттуу II эл аралык жыйыны башталды.

Жыйындын негизги максаты – актуалдуу көйгөйлөргө талкуу жүргүзүү жана мусулман коомчулугунда мамилелерди гармонизациялоо үчүн жолдорун издөө болуп саналат. Иш-чарада диний чөйрөдөгү демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, радикалдашууну жана экстремисттик идеялардын жайылтуусун алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу каралууда.

Аталган иш-чарада Азия, Африка, Европа жана Америка континенттериндеги өлкөлөрдөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, дин боюнча академиялык коомчулуктун жана радикализм менен экстремизмди алдын алуу боюнча эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышып жатат. “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аттуу II эл аралык жыйыны 16-ноябрда дагы улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sinej
2018-11-15 10:34:11
Жаштар светтик гуманисттик коз карашта тарбия алыш керек. 21кылымда илим технология онугуп жатканда ар кайсы мифтерге ишенип жашоонун озу жакшы эмес. Элдин светтик коз карашын жогорулатуу керек. Болбосо жалган диний жомоктордун айланасында тегеренип журо беребиз.
+3
yrmat88
2018-11-15 10:49:44
Бизде копчулук эл светтик жашоону гана жакташат. Андыктан бир Чубак же Абышукурдун айткан жомогу, жалпы 6 млн элдин оюн билдирбейт. Ар бир адамдын коз карашы ар башка. Ислам деп коюшуп кочмон кыргызды арабташтыруу саясатын коруп жатышат. Ислам - бул арабтардын товары. Ар бир олко оз товарын сыртка чыгарып, башка элдерге таратып жатышат. Дин деле ошол сыяктуу. А бирок ошондой саясатташкан диндин чын эле Кудай менен байланышы барбы же жокпу? Же арабтар оз кызыкчыгын таратып жатабы? Ишениш кыйын.
+3
Mirlan27011987
2018-11-15 11:34:03
Динге берилип кереги жок. 80% мусулман деген шылтоо менен арабтардын жалган динин таратып жатасынар. А бирок элдин 80% баары эле ислам фанаттарына кирбейт. Эмне учун ошону эске албайсынар. Бизде 70 000 ашык мугалим иштейт. Мугалимдер динди эмес, билимди жактаган адамдар. Жана башка врачтар, чыгарма, искуство адамдары, милиция, армия деген бар. Алардын баары эле намаз окуп арабча динге берилип жашашпайт. Бул жерде карапайым элге гана арабтардын эски каада салтын "дин" - деп алдап жатыша
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан