"Бишкектеги жол тыгындарын азайтуу маселесин мэр чече албайт, өкмөт жумушчу топ түзүшү керек" деп бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, аба ырайына байланыштуу 4 күндөн бери жол тыгындар орун алып жатат. "Айдоочулар президентти, депутаттарды, өкмөттү, мэрди сөгүп жатышат. Жумушка келүү үчүн 2 саат кетип жатат. Бул маселени мэр чече албайт, өкмөт жумушчу топ түзүшү керек. Убакыттан баалуу нерсе жок. Ошондуктан бул көйгөй тез арада чечилиши зарыл", - деди Бекешев.