Депутат Карамат Орозова Кыргыз мамлекетинде жаш кадрларды даярдай турган мектептерди ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, жаштар маселеси боюнча министрликти кайрадан түзүү зарыл, ансыз жаштардын көйгөйлөрүн чечүү кыйын, ал үчүн ашыкча чыгым деле талап кылынбайт.
"Кыргыз мамлекетинде жаш кадрларды даярдай турган мектептерди ачуу керек. Бизде чет өлкөлөрдө мыкты билим алган таланттуу жаштар арбын, азыр алар жумушка орношо албай бош жүрүшөт. Аларды кайра даярдалып, мамлекеттик кызматка тартылса жакшы болмок", - деди депутат.