Сот аркылуу мамлекетке кайтарылган каражаттардын эсебинен прокуратура кызматкерлерине турак жай курулат

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен сот аркылуу мамлекетке кайтарылган каражаттын 30 пайызы же 100 миллион сом прокуратура органына берилди. Анын 91 миллион сому аймактарда оор шарттарда иштеген прокуратура кызматкерлерине турак жай курууга багытталат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында айтылат.

Каражаттан Нарын облусуна - 44 миллион 400 миң сом, Баткен облусуна – 42 миллион 600 миң сом, Талас облусуна - 2 миллион сом, Жалал-Абад облусуна - 2 миллион сом бөлүнөт. Белгилүү болгондой, аймактарда кызматтык үйлөр биринчи жолу курулуп жатат. Курулуш иштери 2018-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.

Маалыматка караганда, прокуратура органы менен аймактык капиталдык курулуш башкармалыктарынын ортосунда келишим түзүлүп, азыркы тапта курулуш иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
madina.87
2018-11-15 12:50:56
Эмнеге мугалимдерге,медайымдарга, көчө шыпырган тазалык кызматкерлерине курулбайт!!!Ансыз да прокуратурада иштегендер жей берип жарылганы калышты.Буларда акча көп,арамдан таап жатышат, кеминде бирден экиден үйү бар да булардын.Качан өнүгөбүз,алсыздарга качан жардам беребиз!!!
+8
vikidiki
2018-11-15 16:23:50
Кытайдын карызынан кутулбайбызбы ай? Чондору эле арасынан кыпчылып, 1-2уйлуу болуп алышат. Баягы эле карусель.
+3
tynara81
2018-11-15 17:29:08
Мугалимдерге ипотекага үй да беришпейт экен го, маянасы жетпейт деп. Мугалимдерге деп үй курсун, төлөөнү узартып .
+4
munar1980
2018-11-16 03:31:32
Прокуратурадагылардын уйулору бар да жон адам чон кызматка ишке кире албайт значит акчасы коп бизнеси бар Ак уйдо таанышы бар адамдар иштем жатат менимче баарынын келишке уйу или квартирасы бар болуш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан