"Ыйман" фондунун төрагасы: "Светтик дегенде эле атеизмди түшүнүп, исламдан кол үзүү туура эмес"

Бүгүн, 15-ноябрда "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу II эл аралык жыйын өттү. Аталган жыйынга ислам маданиятында түшүнүгү бар адамдар чакырылган. Алардын бири "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков өтүп жаткан жыйын ислам өлкөлөрү үчүн маанилүү экенин SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул маселе боюнча туура саясат кабыл алуу үчүн, туура чечим жана тажрыйба алуу керек. Кыргыз өлкөсүнүн өзүнүн тажрыйбасы бар, бирок бүгүнкү келген 20дан ашык мамлекеттин тажрыйбасын дагы алабыз. Ошонун негизинде жакшы ислам саясатын кура алабыз. Бизде дин саясаты боюнча концепция бар. Бирок ал документтер да эскирет, дагы актуалдуу маселелер пайда болот.

Светтик мамлекет болгондон кийин биздин коомдо исламдын орду чоң. Ал эми кээ бир адамдар "светтик" дегенде эле атеизмди түшүнүп, исламдан такыр кол үзүш керек деген пикирлер да болуп жатат. Тилекке каршы, исламдан кол үзүү мүмкүн эмес, керек болсо Советтер Союзунда исламдан баш тарта алышкан эмес. Исламдын руханий жактан баюуга, адептүүлүккө чакырган потенциалын кантип колдонсок болот? Жарандык жоопкерчиликти көтөрүүдө өтө маанилүү маселе. Бул үчүн ислам тууралуу туура маалымат керек. Ал эми туура маалымат ушундай чоң жыйындарда аалымдардын, эксперттердин адилет пикирин айткан гана учурда болот", - деди Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kychtyy
2018-11-15 14:08:33
Эн туура ой,соз. Светтик десе эле азыркылар хиджап кийгенге, мечиттеги орозо битирлерге кийлигишип аралашмайды тушунуп алышкан. Хиджап кийгендерди коргондо кана озулорун кыргыз экенин эстешет, ага чейн журо беришет дээрлик жыланач болуп чечингенче светтик мамлекеттебиз деп.
0
bekmirzach
2018-11-15 14:21:17
Ооба светтик десе эле айрымдар динден таптакыр кол үзүү деп түшүнөт. Ислам динин туура түшүнгөн адамга адамдын жашоосунда исламдын оорду зор.
+6
elebes86
2018-11-15 14:31:31
bekmirzach,
Динге такыр ишенбейм. Жон эле байыркы еврей -
- арабтардын жомогун динге айлантып алышкан. Кыргызда жакшы кеп бар: Бейишти укмак бар, кормок жок. Дин жон эле озун озу сооротуу, алдоо. Дин менен эч маселе чечилбейт. Болгону Билбияда, Куранда жазылган кооз создорду идеял тутуп журо беришет.
-3
zhaku2017
2018-11-15 14:25:26
Kychtyy,
Эч ким жыланач жургон жок. Паранджа оронбогондордун баары козуно жыланач коруно береби.
+6
Kychtyy
2018-11-15 14:42:15
zhaku2017,сен пранджа менен хиджаптын айырмасын билбегенден кийин неге каршы болуп атасын тушунбоймун. Хиджап башына жолук салынуу. Сенин апан эжелерин жоолук салынбайбы. Азыркы кээбир кыздар жайында корчу кийген кийими жыланачтан айырмасы жок. Динге каршы болсон диндин элге зыяны тйет дегенге датбайт. ХХХХХХХХХ Динди тушунбосон эле дин жаман болуп калбайт.
+1
zhaku2017
2018-11-15 14:20:12
Арабтардын коз карашын чагылдырган жана тануулаган исламдын кыргыздарга кереги жок. Дин десе эле арабтардын паранджасын, сакалын, дамбалын тушунбош керек. Мусулманчылык бар деп эле арабтарды туурап кереги жок. Дин менен жашап, арабтарды туурайбыз деген Иран, Афганистан, Пакистандын абалын коргуло. Ар кандай жапайы фанаттар корунгон жакпаган нерселерин ортоп, талкалап жатышат. Оздорунун оюн гана туура деп эсептеп алышкан.
-3
Kychtyy
2018-11-15 14:47:10
zhaku2017,дин менен жашаган малазияны неге мисал кылбайсын. Кыргызстан малазиядай эле онуксунчу жакшы болот эле. Кыргызстанды азыркы балчака молдолор батыргансып тим эле дин менен онукбойбуз деп. Эгемен болгондон бери баш мыйзамда светтик деп келет динди жолотушбай. Кана ким тоскол болуп атат онугушубузго. Онукбой беле светтик болуп. Мамлекеттин онукбой алдыга жылалбай атканына диндин эч тиешеси жок. Кудайдан коркбогон жеп жутарлардын,элдин акысынан коркбогондон болуп атат
+3
Mirlan27011987
2018-11-15 14:45:29
Эч ким динди тутууга милдетуу эмес. Дүйнөдө Ислам дини жалгыз дин эмес. Адамдар кайсыл динди тандоорун өзү билишет. Ислам динин тандаганга милдеттүү эмес! Кыргыз болсоң эле намаз окууга милдеттүү эмессиң! Динчилдерди карап, агрессивдүү фанат-ды коруп, силерге окшошмок тургай, силерди көргүсү жок. Ислам дини чын эле тынчтыктын, суйуунун, толеранттуулуктун дини экенин иш жүзүндө көрсөтө алган жоксуңар! Баарын харам деп алгансынар. Ичиңердеги агрессияны жеңгиле биринчи!
-3
Hacker99
2018-11-16 17:42:14
Mirlan27011987, азыр сайрай бер бирок, эртен олгонундо ушул ар бир кылган иштерин, ар бир суйлогон создорун учун Аллах Тааланын алдында жооп бересин бир-бирден ар бирине
0
Ka2sr1
2018-11-15 16:01:13
Жээнбеков жакын арада Кыргызстанды араб олкосуно айланткысы келип турат окшойт. Ислам акадамиясын ачам деп жатыптыр. Эмне максатты коздоп турат билбейм. Андан коро илимий лаборатория ачса жакшы болмок. Жээнбеков коомчулуктун оюн эске албай эле оз билемдик кылбасын. Арабтардын акчасына сатылгандар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан