Буга чейин Биринчи Май районунда жайгашкан карылар үйүндө жашап жаткан Медер аттуу жарандын туугандары изделип жаткандыгын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирген.
Маалымат коомчулукка тараган соң 14-ноябрь күнү Медерди туугандары келип алып кетишкен.
"Медерди туугандары келип алып кетишти. Алар карылар үйүнүн жетекчилигине жана кызматкерлерге өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти", - дейт басма сөз кызматы.
Белгилүү болгондой, шаар тургуну Медер аттуу жаранды 9-ноябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып келген. Анын ден соолугун текшерүү үчүн "Тез жардам" кызматы, бала жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери чакырылган. Текшерүүдөн кийин анын психикалык жактан жабыркай турганы аныкталган.