Белгилүү кикбоксчу Алексей Федосеев Японияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын кикбокс федерациясынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, Алексей Федосеев Токио шаарында 18-ноябрда өтүүчү мелдеште күч сынашат. Жалпы 8 мушкер чейрек финалдык раундда беттешет. Федосеев 65 килограммга чейинки салмак ченинде алгач япониялык Сузуки Шинжи менен кездешет.
Айта кетсек, Алексей Федосеев акыркы беттешин Польшанын Варшава шаарында 2017-жылдын 9-декабрында "JSF Kickboxing Challenge-12" мелдешинде өткөргөн. Ал беларустук Мурат Азербаев менен кездешип, жеңилүү ызасын тартып калган. 2017-жылдын сентябрь айында Федосеев Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында финалдык беттеште утулуп калып, күмүш медалдын ээси болгон.