Өкмөт башчы Кыргыз мамлекетинин элчилеринин ишине эки критерийдин негизинде баа берилип баштай турганын айтты

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз мамлекетинин элчилеринин ишине эки критерийдин негизинде баа берилип баштай турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жанар Акаевдин айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн элчилеринин 80-90 пайызы инвестиция тартуу менен иши жок. "Өзбекстан менен Орусия 800дөн ашуун соода инвестициялык келишим түздү. Кошуна мамлекет өнүксүн, сүйүнөбүз. Кыргыз мамлекетинде деле аракеттер болуп жатат. Кыргыз мамлекетинин элчилеринин 80-90 пайызы инвестиция тартуу менен иши дагы жок. Жөн эле отурушат. Элчилерге инвестиция тартуу боюнча талаптар коюлса жакшы болот эле", - деди Акаев.

Абылгазиев депутаттын сунушун колдой турганын айтты. "Жаңы тышкы иштер министрин жамаатка тааныштырганда элчилердин ишине эки критерийдин негизинде баа беребиз деп айткам. Биринчиси инвестиция тартуу, экинчиси өлкөгө туристтерди алып келүү", - дейт өкмөт башчы.

Учурда жыйында республикалык бюджет тууралуу долбоорлор каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан