SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Психолог керек... Өзүмдөн өзүм тажап баратам" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Эмнеден баштаарымды билбей турам... Азыркы тапта эмне кылуум керек экенин өзүм дагы билбейм, оюм бир жерде эмес. Ушундай учур сиздерде болду беле? Жалкоолуктан тажабай эч нерсе кылгым келбей жүрөм", - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Бул ар бир адамда эле болсо керек. Башкаларда кандай билбейм, бирок менде досторум, жакын адамдарым менен сүйлөшүп отурсам же телефондорду өчүрүп коюп тынч уктасам өтүп кетет. Балким, сен дагы ошентип көрөрсүң".
- "Мүмкүн аба ырайынан улам депрессияга түшүп калсаң керек. Андай учурда көңүлүңө эмне жакса ошону жеп, өзүңө жаккан кино көрүп же болбосо шопинг кылышың керек деп ойлойм. Мындайча айтканда, өзүңө жаккан ишти жасашың керек. Анан келечеги жоктой жашайт окшойсуң да. Алдыга план коюп, кыялдан. Жүрөгүң сыгылып жаман болуп жатсаң ыйлап ал жеңилдейсиң. Депрессияны көптөр олуттуу кабыл албайт, а негизи - бул оору. Бара-бара өтүшүп кетет. Суицидге да ушул депрессия алып барат. Өзүңүздү колго алып, сөзсүз психологго кайрылыңыз".
- "Ар бир адам өзүңө эң мыкты психолог, кеңешчи. Анткени сени өзүңдөн артык эч ким түшүнө албайт. Ал тургай ар дайым экиленген абалда да байкасаң, акыр аягында туура чечимдин көбүн ички туюмуң берет".
- "Депрессия, стресс, теңтуштарыңдан өзүңдү басынтып, социалдык абалыңдан уялуу (көбүнчө толук кандуу үй-бүлөдө өспөгөн балдар, бала кезден өзүн башкача сезип өсөт. Башкаларда бар нерсе анда жок), үй-бүлөлүк чырлар жана башка ар кандай факторлор жыйылып отуруп, психикага абдан чоң залалын келтирет. Мындай абалдан өз алдынча чыгып кетүү абдан татаал"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.