Кыш мезгили баштала элек. Бирок өлкөдө электр энергиясын бир нече сааттап өчүрүү башталды

SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” рубрикасына өлкөнүн ар түрдүү аймактарында жашаган окурмандар кар түшкөндөн тартып бир нече сааттап электр энергиясы өчүрүлүп жатканын билдирип жатышат.

"Эки күндөн бери эртең мененки саат 8:30дан кечки саат 18:00гө чейин электр энергиясын берүү токтотулат. Мурда мындай узак убакытка өчүрүлчү эмес. Оңдоо иштерин күн жылууда жүргүзсө болбойбу?" - деп суроо салат окурман. Аталган окурман Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө эл суукта кыйналып жатканын айткан.

"12-ноябрда күн бою жарык өчүрүлдү. Кечке маал саат 18:00 чамасында күйгүзүп, түнкүсүн саат 21:00 чамасында кайра өчүрүштү. Кайсы маалда кайра берилгенин байкабай калыптырбыз, бирок эртеси саат 8де дагы өчүрүштү. Мындан улам үйлөр суук, интернет дагы өчүп калат. Буга чейин деле маал-маалы менен өчүрүп жатышкан", - деп билдирди окурман. Ал мындай көрүнүш Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк, Мырзаке, Салам-Алик, Кызыл-Туу айылдарында орун алып жатканын билдирди.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында электр энергиясынын кубаты өтө төмөн берилип жатканын дагы бир окурман билдирди. "Берилген жарыктын кубаты үй жылытмак турсун, чай кайнатып ичкенге жарабайт. Өнүккөн заманда караңгылыкта жашап келебиз", - деди.

Жана башка ушул сыяктуу арыздар башка аймактардан да келип жатат. Жаралган жагдай боюнча "Түндүк электр" ААКсы: "Быйылкы жылы профилактикалык өчүрүү пландалган эмес. Жер-жерлердеги электр энергиясынын берилбей жатышы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам жаралган авариялардан болушу мүмкүн", - деп жооп кылды.

Парламентте жана өкмөттө күз-кыш мезгилине карата даярдык каралган учурда быйылкы жылы өлкөдө электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөй тургандыгы айтылган эле. Муну SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” рубрикасына окурмандардан түшкөн билдирүүлөр жокко чыгарууда. Ал эми бүгүн болгону 15-ноябрь. Кыш мезгилинин башталышына дагы 2 апта бар. Кыш башталбай жатып, даярдык жетиштүү көрүлгөн жана электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт деп айтылганына карабай, өлкөнүн туш тараптагы аймактарынан байланышкан окурмандар жарыксыз жана жылуулуксуз калып жатканын айтышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asyl10
2018-11-16 14:03:48
Ошто да жайы менен кышка даярдык деп эрте менен 8 ден кечки 17-18ге чейин электр энергиясын токтотуп журушту. Макул кышка даярдык болсо, кун ысыкта жакшы даярдыктар журуп жатат экен деп бир апталап очуруулоруно карабай унчуккан жокпуз. Эми кун суук тушкондон бери кайра эле кышка даярдык деп дагы очурмой башталды.Кундузу очургондору аз келгенсин тундо саат 22де,тунку 3то деле 15-30 мунот же бир-эки сааттап очуруп-тамызып ойной беришет.
0
Asyl10
2018-11-16 14:07:04
15-20 мунот очот, кайра жанат, кайра эки-уч сааттан кийин дагы 1 саатка очуп жанат, кайра-кайра электр тогу келип,кайра очо берип, тиричилик техникаларыбыз бузулуп жатат.Холодильник,телевизор жана башка техникалар усталарга каттай берип,алардын чонтоктору кампайды,биздин чонтоктор тешилип бутмой болду. Мына мурдагы куну да саат 21 де светти жон жерден очуруп 10 минуттан кийин тамызып, 30 минут берип кайра дагы 20 минутка очуруп "цветомузыка" боло берип телевизорум куйуп ремонтто жатат
0
Asyl10
2018-11-16 14:12:07
Кыргызстанга озу кыштын деле кереги жок эле,жудогон эле биротоло жудоп бутот жазга чейин олбо жаным олбо болуп комур-отунга жеткизе албай, электр зымдары орттонуп,тонуп. Эми айла жок табийгаттын шарты ушундай экен. Ушул кенедей мамлекетибизди тыкыйтып бага албай шайыбыз ооду, толтура байлыгыбыз туруп,курсактагы балабызга чейин белчебизден карызга батып калдык.Кыргызстаныбыз кайда баратат? Эмнебиз онукту,эмне болуп жыргап кеттик? Жооп берчу адам жок.Кайран Жер бизге кор болгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан