Депутат Мавлянова саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушуна канча каражат бөлүнө турганын сурады

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушуна канча каражат бөлүнө турганын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы социалдык объекттерди оңдоп-түзөөгө 3 миллиард сом каралып жатканын айтты. "370 объект башталып бүтпөй турат, авариялык абалдагы мектептер биринчи кезекте оңдолот. Министр, депутат чыкпаган айылдагылардын үнү угулбай жатканын айтышууда. Ушундай жерлерге дагы көңүл бурулат", - деди Абылгазиев.

Депутат саламаттыкты сактоо мекемелерин оңдоп-түзөгөнгө канча каражат бөлүнө турганын сурап жатканын айтты. Өкмөт башчы саламаттыкты сактоо мекемелери аталган 3 миллиард сомдун ичине кирет деген пикирин билдирди.

Учурда жыйында республикалык бюджеттин долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан