Аскер кызматкерлеринин чыгашалары боюнча жасалма документ менен акча алып жүргөн жооптуу адамдарга кылмыш иши козголду

Аскер кызматкерлеринин чыгашалары боюнча жасалма документ менен акча алып жүргөн жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 15-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иши "ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "мамлекеттик мөөрдүн жасалма үлгүсүн колдонуу" беренелери боюнча козголду. Маалыматка караганда, Башкы прокуратура УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Башкы штабдын Коргонуу иштери жана кургактагы аскерлер мамлекеттик комитетинде текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада каржы жаатында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Белгилүү болгондой Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу адамдары жасалма документтерди даярдап, аскер кызматкерлерине төлөнүүчү каражаттарды алып турушкан. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин транспорттук каражаттары, кызматтык иш сапарларынын чыгашалары деген негиз менен Башкы штабдын жооптуу кызматкерлери акча каражатын мыйзамсыз өз эсебине өткөрүп келишкени ачыкталган. Кылмыш иши иликтөө үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан