Өлкөнүн аймактарында калкты иш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылгандардын саны жалпысынан 100 миңден ашат. Бул тууралуу 15-ноябрда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында айтылды.
Калкты иш менен камсыз кылуу кызматы тарабынан жумушсуздарга эмгек, мыйзам, кесиптик билим алуу, кайра билимин жогорулатуу боюнча кеңеш берилери маалым болду.
"2018-жылдын 1-октябрына карата жумуш издеп кайрылгандардын саны 122 миң 831 адамды түзгөн. Анын ичинен 73 924 жаран кесиптик билим алуу боюнча кеңеш алышкан. 20 миң 37 жаран жумуш менен камсыз болду. Алар көбүнчө суроо-талап жогору болгон кесиптерди өздөштүрүштү. Алар чач тарач, компьютер адиси, бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, бычмачы, ширетүүчү, кеңсе менеджери жана айдоочу. Бош орундарга көбүнчө жөнөкөй жумушчулар талап кылынат. Мындан сырткары убактылуу иштөөгө 13 миң 121 адамга багыттама берилди", - деп айтылат маалыматта.