Ноокаттагы базардан шакек уурдаганга шектелип келин кармалды

Ош облусуна караштуу Ноокаттагы базардан алтын шакек уурдаган шектүү келин кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош ОИИБинин билдирүүсү боюнча, уурулук фактысы 27-октябрда катталган. Ошол күнү күндүз 35 жаштагы жабырлануучу аял киши кайрылып, "Акыл" базарында алтын жасалгаларды сатуу менен алектенип келгенин айткан. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, бир даана алтын шакегин аял киши уурдап кеткен. Анын баасы 4 миң сомду түзгөн. Бул иш боюнча Ноокат РИИБи тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, шектүү катары аял киши кармалган. Учурда ага Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dinar-87
2018-11-16 08:53:26
Ии жаман Чон иш кылып кыйратыпсынар 4000дик шакек урдаганды табасынар адам олтургондорду тапай каласынар анан.
+4
Shaa-82
2018-11-16 11:04:56
dinar-87,дагы камайт анан 3 же 5 жылга.
+1
shankol88
2018-11-16 12:25:09
Акчасын алып койоберишет...
+1
Jasa
2018-11-16 17:26:50
Ноокаттагы алтын саткан аялдар эсептелуу болгону менен баары пешком качкандар,арасында туугандардан да отурат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан