Бүгүн Бишкекте тигүү өнөр жайындагы шарттарды жакшыртуу боюнча форум өтөт

Бишкекте бүгүн, 16-ноябрда текстилдик тигүү өнөр жайындагы маселелер боюнча биринчи жолу жогорку деңгээлдеги форум өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалым болгондой, форумда иштөө шарттарын жакшыртуу, кадрлардын чет өлкөлөргө кетүүсүн азайтуу жолдору жана бул тармакта иштей турган кызматкерлерди даярдоо секторунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселелери каралат. Иш-чарага Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү, тигүү өнөр жайында эмгектенген ишмерлер, инвестиция жана соода институтунун өкүлдөрү, эксперттер катышат.

"Тигүү өнөр жай тармагы жарандарга жумуш орундарын түзүү менен Кыргыз Республикасында экономиканын приоритеттүү тармактарынын бири болуп саналат. Кыргыз өлкөсүндө тигилген буюмдарга Орусия жана Казакстанда суроо-талап көп экени маалым. Экспорттун эң чоң көлөмү 2012-жылы болгон. 2013-2015-жылдары бир катар глобалдык факторлордун таасиринен улам аталган өлкөлөрдө баалар арзандаган. 2015-жылы экспорттун көлөмү 2012-жылга салыштырмалуу 38,4 пайызга азайып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан