Бүгүн, 16-ноябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында курулуш бизнес чөйрөсүндөгү бүгүнкү кырдаал жана шаар куруу, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жасайт.
Мындан тышкары жыйында ар кандай маселелер каралат.