Испаниялык "Реал Мадрид" футболдук клубу "Adidas" фирмасы менен 10 жылга келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, келишим боюнча 10 жыл ичинде "Adidas" "Реалга" 1 миллиард 100 миллион евро төлөп берет. Тактап айтканда, мадриддик клуб жыл сайын 110 миллион евро алып турмакчы. Мындан сырткары, клубдун "Fly Emirates" компаниясы менен жылына 70 миллион евролук келишими бар.
Жылына 180 миллиондук жарнамадан түшкөн киреше футбол тарыхында рекорддук көрүнүш. Буга чейин бул суммага бир да футбол клубу жеткен эмес. Экинчи орунда турган "Барселона" клубу "Rakuten" компаниясынан 55, "Nike" фирмасынан 105 миллион евро алса, "Манчестер Юнайтед" клубу "Chevrolet" компаниясынан 66, "Adidas" фирмасынан 85 миллион евро алып 3-орунга жайгашкан.