Салык кызматы 10 айда 63 миллиард 900 миллион сом жыйнап, планды 100,1 пайызга аткарганын билдирди

Мамлекеттик салык кызматы 10 айда 63 миллиард 900 миллион сом салык жыйнады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Алдын ала маалымат боюнча, мындай сумма ушул жылдын башынан тартып октябрь айынын аягына чейин Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салыктар жана төлөмдөрдөн чогултулду. Коюлган план 100,1 пайызга аткарылып, 68 миллион 200 миң сомго ашыгы менен жыйналды.

"2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 6 миллиард 271 миллион сомго же 10,9 пайызга жогорулаган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан