Бишкекте 23 жаштагы кыз унаа уурдоого шектелип кармалды

Бишкекте 23 жаштагы кыз унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 16-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал БМВ үлгүсүндөгү унаасын айдап белгисиз тарапка качып кеткен чала тааныш кызга карата чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө унааны айдай качууга шектелип 23 жаштагы Б. кызы А. аттуу кыз кармалган.

Шектүү териштирүү иштеринде Бишкекте катталган дагы ушундай 5 фактыга шектелүүдө. Свердлов райондук соту шектүүнү 1 айга камакка алуу чечимин чыгарып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан