Ысык-Көлдө 19 жаштагы жаран баңгизаты менен кармалды
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Өрүктү айылынын 19 жаштагы жашоочусу С.К. 1 килограмм баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Учурда мыйзамсыз түрдө баңгизатты сактап жүргөн жарандын үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө.