Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн эркин күрөш боюнча мелдеште 3 Кыргыз балбаны күч сынашат

Бүгүн, 16-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугу старт алат. Анда балбандар 5 салмак ченинде күч сынашат.

Кыргыз өлкөсүнөн бул күнү 3 балбан медалдар үчүн күрөшөт. Килем үстүнө Алмаз Сманбеков, Нургазы Абдразаков жана Исламбек Орозбеков чыгышат. Алмаз Сманбеков алгачкы беттешин жарым чейрек финалда өткөрсө, Нургазы Абдразаков жана Исламбек Орозбеков 1/16 финалда өткөрөт.

Алгачкы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Кыргыз балбандардын атаандаштары:

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Алмаз Сманбеков — Жахонгирмирза Туробов (Өзбекстан)

65 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нургазы Абдуразаков — Колтон Маккристал (АКШ)

70 килограммга чейинки салмак ченинде:

Исламбек Орозбеков - Стефан Тону (Молдова).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан