Кыргыз дзюдочулар Японияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат

Кыргыз спортчулары Японияда өтө турган дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеш 23-25-ноябрь аралыгында Япониянын Осака шаарында өтүп, ага 76 өлкөдөн 469 дзюдочу, ал эми Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышат. Азыркы тапта спортчулар машыгууларды өткөрүп, мелдешке даярданууда.

Мелдешке катыша турган кыргыз дзюдочулары:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Те жана Алмаз Алтынбек уулу;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Ишен Аманов жана Асад Масабиров;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев жана Эрлан Шеров;

100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Юрий Краковецкий;

Башкы машыктыруучу - Абдужалил Юнусов;

Ага машыктыруучу - Сергей Мистрюков;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан