Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Исламбек Орозбеков алгачкы беттешинде жеңилип калды

Бүгүн, 16-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда балбандар 5 салмак ченинде күч сынашып жатат.

70 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Исламбек Орозбеков килем үстүнө чыкты. Ал алгачкы беттешинде 1/16 финалдын алкагында молдовалык Стефан Тону менен кездешти. Беттештин 1-бөлүгүндө Тону 6:0 эсеби менен утуп жаткан, 2-бөлүктө Орозбеков өзүнүн эсебине 5 упай жазганга жетишти.

Муну менен беттеш 6:5 эсебинде аяктап, Стефан Тону жеңишке жетти. Ал финалдык бөлүккө чейин жетсе Исламбек Орозбеков көңүл жубатуучу беттеште күч сынашканга мүмкүнчүлүк алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан