Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Нургазы Абдуразаков 8:0 эсеби менен утуп жатып, жеңишти тарттырып жиберди

Бүгүн, 16-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда балбандар 5 салмак ченинде күч сынашып жатат.

65 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Нургазы Абдуразаков АКШлык Колтон Маккристал менен кездешти. Беттештин 1-бөлүгүндө Нургазы Абдуразаков атаандашын 8:0 эсеби менен утуп жаткан, 2-бөлүктө Маккристал эсепти теңеп, андан соң Абдуразаковдун далысын килем үстүнө тийгизип, таза жеңишке жетти.

Муну менен Колтон Маккристал мелдештин жарым чейрек финалына өтүп, ал финалдык бөлүккө чейин жетсе Абдуразаков көңүл жубатуучу беттеште күч сынашканга мүмкүнчүлүк алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIA-TOO
2018-11-17 15:29:16
"Тиги финалга чыкса биздики көңүл жубатуу үчүн күрөшөт, ал жеңилсе биздикида ыргыйт" ушинтип через бирөөлөрдүн көлокөсү аркылуу күрөшүп тажабадыңарбы кыргыздар?.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан