Орусияда жол кырсыгына кабылган унаага тагылган Кыргыз өлкөсүнө таандык номур жасалма болуп чыкты

Буга чейин Орусияда Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү номурдагы Toyota унаасы каршылаш тилкеде келаткан жеңил унаа менен сүзүшүп, эки адам каза болгону боюнча видео интернетке тараган. Кырсыкка кабылган унаадагы Кыргыз өлкөсүнө таандык номур жасалма экенин SUPER.KG'ге Мамлекеттик каттоо кызматынан тастыкташты.

Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, Мамлекеттик каттоо мындай номур чыгара элек. "Бүгүнкү күндө MRA сериясындагы унаа номурлары чыга элек. Ошондуктан ал жасалма", - деди ал.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги кырсыкка кабылгандар алдын ала маалымат боюнча Кыргыз жарандары эместигин айтып, окуя иликтенип жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nurik555
2018-11-16 16:48:59
Паспортубузду жасалма кылып жасап атат, эми номурларды жасап башташыптырда. Уят эле!Кыргыз эли ушунча бош калкпызпы ыя! Бул нерсеге жогору жактагылар чара көрбөсө болбой калдыго. Бул ишти башка улуттун элдери эле кылып жатат.
+15
Feiza1982
2018-11-16 16:53:41
Дагы саткыла дагы жасагыла жасалма документ жасалма номер , акча үчүн уят,сый ,намыс деген жок калды!!!
+11
oscar
2018-11-16 17:49:09
Бул жөн эле фотошоп менен жасалган
-2
bazar
2018-11-16 18:26:56
oscar,фотошоп эмес видеосунда деле көрүнүп турат
0
xnurgul_gul
2018-11-16 19:32:13
oscar,фотошоп эмес видеосун кордум мен кече ушундай номер
+1
virtual.realist
2018-11-16 20:01:24
Машина кырсыктап номери жасалмалыгы билинип олтурат, башка канча машина , канча адам кыргыз паспортун кыргыз правасын кыргыз номерлерин колдонуп журот..
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан