Ошто терезе тазалап жаткан аял экинчи кабаттан кулап кетип, каза болду

Ош шаарында терезе тазалап жаткан аял экинчи кабаттан кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 16-ноябрда катталган.

"Окуя Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында болгон. Анда оорукананын терезесин тазалап жаткан аял 2-кабаттан кулап кетип, оор жаракат алып каза болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал жыгылганда жерге башы менен тийген. Каза болгон аял 50 жаштагы О.Т. болгону аныкталып, Ош ШИИБи териштирүү иштерин баштады", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Water
2018-11-16 19:37:55
Байкуш жайы жаннаттан болсун, озу деле сезбей кетти го олгонун. Кырсык каш кабактын ортосунда деген туура соз.
+14
Feiza1982
2018-11-16 21:17:16
Иий 50 жашта болсода бала чакасын багам деп иштеп жүргөн эже экенда Аллахым жакындарына балдарына сабыр берсин.!!!
+7
nursiyanur
2018-11-16 23:40:43
Баягы эле кыйналган эл,комисия келет деп айнек арчып жаткан экен эле да байкуш,63-жылкы деп келди эле кайнэнем
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан