ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү арыкка канализациянын суусу куюлуп жатат" дейт окурман

Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү менен Асранкулов көчөсүнүн кесилишиндеги арыкка имараттардын биринин канализациясынан агып чыккан кир суу куюлуп жатат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Имарат менчикпи же мамлекеттик мекемелердин бирине тийиштүүбү, билбейм, бирок тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Көчөдөн өткөндө жагымсыз жыт уруп турат. Саркынды суу бактарды сугаруучу таза сууга кошулуп жатат. Муну тиешелүү мекемелер көзөмөлдөөсү керек", - деди окурман.

Бул кабарга алынган жооп менен шилтеме аркылуу өтүп таанышыңыз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
boris8907
2018-11-16 23:44:55
Орттоп салбапсынар ошол мекемени кимдики болсодагы
+1
-Sumitra-
2018-11-16 23:45:04
Тообо бул кайсы жеринде экен?Трубаны кенири чыгарып коюшуптур го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан