Бүгүн Кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу "M-1 Global" уюмунун алкагындагы беттеш өткөрөт

Бүгүн, 17-ноябрда кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу "М-1 Global" уюмунда кезектеги беттешин өткөрөт. Мелдеш Орусиянын Ингушетия өлкөсүндө өтүп, анда 10 мушкердин өз ара беттеши болот.

Бусурманкул Абдибаит уулу 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анын атаандашы орусиялык "Fighting Eagle" клубунун өкүлү Залимбег Омаров болот.

Бусурманкул Абдибаит уулу 25 жашта. Ал эми атаандашы Залимбег Омаров 30 жашта. Экөө тең карьерасында 13 беттеш өткөрүп, 10 жолу жеңишке жетип, 2 жолу жеңилүү ызасын тарткан жана 1 жолу атаандашы менен тең чыгышкан. Эки спортчу үчүн тең бул беттеш чемпиондук курга жол ачып бериши мүмкүн, экөөнүн мушташуу стили эки башка болгону менен максаты бир. Мындан улам беттеш кызуу өтөрүн адистер белгилешет. Беттеш Бишкек сааты боюнча 18:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azamatisatoroev
2018-11-17 11:56:08
Кучтуу Бусурманкул ишенебиз буйруса алга
+5
kokboru
2018-11-17 12:11:10
Туз эфир коюп берет бекен админ билиңизчи
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2018-11-17 15:41:44
Ийгилик!
+1
erjigit-e.15
2018-11-17 21:01:35
Бусурманкул Ийгилик каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан