"ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман "Манас аэропорту-Бишкек каттамында жүргөн №380-маршруттук таксинин айдоочулары мектеп окуучуларын салбай өтүп кетишет" деп билдирди.
"Айдоочулар Манас айылында жашаган мектеп окуучуларын унааларына салышпайт. Окуучулар өз айылында мектеп жоктугуна байланыштуу кошуна айылга каттап барып окушат. Сүрөт 18:45те тартылды. №380-маршруттук таксинин айдоочулары дайыма эле мектеп окуучуларын салбай өтүп кетишет. Бул бир күндүк эле көйгөй эмес. Жыл сайын эле ушундай. Бирок ушул күнү абанын температурасы -10°C болду. Кышында окуучулар кандай кылышат?" - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.