Машыктыруучу: "Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор менен бокс эрежелери боюнча мушташууга даяр"

"Хабиб Нурмагомедовдун Конор Макгрегорго каршы бокс эрежелери менен мушташуусуна биз да кызыкдарбыз". Мындай пикирин UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов орусиялык басылмага берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Хабиб Нурмагомедов соккусу күчтүү мушкерлерди жеңе аларын далилдей алды.

"Бул ишти аткара аларын ал мурдатан бери эле айтып келген, бирок Хабибге ишенгендер аз болгон. Майкл Жонсон, Эдсон Барбоза жана Конор Макгрегорду жеңгенден кийин ишене башташты", - деген ал.

6-октябрда UFC боюнча беттеште орусиялык Нурмагомедов ирландиялык Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, чемпиондук курун сактап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2018-11-17 17:11:42
Анда Хабиб точно женилет.Конор бокстан кучтуулук кылат.Эгер чындап эле экоо бокстан тушо турган болсо,анда Хабибдин без поражение келе жатканына чекит коюлат.
0
Ali-han
2018-11-18 00:08:50
Бүгүн бокс эртең карате бүрсүгүнү күрөшкүлө анан футбол ойногула)))
+4
tina-Tin
2018-11-18 12:30:26
Баары акча учун болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан