Мохаммед Салах кеч гол киргизгени үчүн кичинекей колдоочусунан кечирим сурады

Египеттин футбол боюнча курама командасынын оюнчусу, "Ливерпуль" клубунун чабуулчусу Мохаммед Салах кеч гол киргизгени үчүн кичинекей колдоочусунан кечирим сурады. Бул тууралуу футболчу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Египет менен Тунис курамаларынын беттешинде операторлор кичинекей кыздын плакат кармап, Салахка кайрылуу жасап жатканын чагылдырышкан.

Плакат кармаган кичинекей колдоочу Салахтан эртерээк гол киргизүүсүн суранып, "үйүмө кетишим керек, мага үйгө тапшырма берилген" деген жазууну көрсөткөн. Салах 90-мүнөттө гана гол киргизүүгө жетишип, оюндан кийин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кичинекей колдоочусунан кечирим сураган. "Мен сени үйүңө эртерээк кетирүүгө аракет кылдым. Оюн аягына чейин күттүргөнүм үчүн кечирим сурайм! Мугалимиң бул окуяны туура түшүнүү менен кабыл алат деген ниеттемин", - деп жазган Салах.

Аталган беттеш 3:2 эсебинде Египеттин жеңүүсү менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nukura_jigit
2018-11-18 13:32:07
Красавчик
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан