11-июлда Кыргызстанда 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Бишкек шаарында 2 өрт кырсыгы орун алган. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келтирилген учур болгон жок. Ысык-Көл облусунда Ауди-80 үлгүсүндөгү унаанын электр жабдыктары күйүп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.