Кара-Балта шаарында оор кылмыштарга шектелип издөөгө алынган жаранды кармоо учурунда ок атышуу орун алды. Анда бир милиция кызматкери жана шектүү октон жаракат алып, ооруканага жеткирилишти. Бул тууралуу 18-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 11-мартында милиция кызматкерлери Сосновка айылына бара жатып түнкү саат 01:40тар чамасында Хонда Одиссей унаасын көрүшөт. Унаанын айдоочусу 1989-жылы туулган А.Сулаймановго таандык айдоочулук күбөлүктү көрсөткөн. Мал уурулукка катыштыгы бар же жоктугун аныктоо үчүн алар Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөшөт. Жолдо бара жатканда айдоочу милиция кызматкерлери менен чогуу жүргөн А.Э. аттуу жаран менен уруша кетип, ага ок чыгарган. Андан соң окуя болгон жерден качып кеткен.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө айдоочу 1986-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Т.Шатманов экени, анын бейбаштык боюнча бир нече жолу соттолгону аныкталган. Мындан улам ага издөө салынган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн кайсы жерде жүргөнү боюнча маалымат түшүп, 18-ноябрда саат 06:00дөр чамасында Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринде Т.Шатмановду кармоо иштери жүргөн. Ал укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүп, ок чыгарган. Анын кесепетинен атайын операциялар отрядынын кызматкери жарадар болгон. Шектүү да октон жаракат алган.
Т.Шатманов бейбаштык, Бишкекте укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу кылмыштарына шектелип жатат.