Президенттин иш башкармалыгында кызматкерлердин саны көбөйдү
Президент Алмазбек Атамбаедин жарлыгы менен Президенттин иш башкармалыгындагы кызматкерлердин саны көбөйдү. Мурун аталган башкармалыкта кызматкерлердин саны 257ни түзсө, азыр алардын саны 261ге жетет.