Бензовоз кулап, Кара-Балта дарыясына 16 тонна солярка төгүлдү

Чүйдүн Жайыл районунда 10-июль күнү саат 19:15 чамасында жол кырсыгы катталды. Бишкек-Ош жолунун 96-чакырымында 26 жаштагы С.Мийзамов айдап бараткан бензовоз Кара-Балта дарыясына кулап, сууга 16 тонна солярка төгүлдү. Окуя болгон жерге Жайыл райондук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн дарыя суусунан алып кетишти. Учурда аталган кызматтын сунушу менен Сосновка жана Талды-Булак айылдарынын тургундарына бул дарыянын суусун колдонууга убактылуу тыюу салынды.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uty
2013-07-13 02:16:50
аа байкуш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан