Бишкектеги дөңгөлөк желимдөөчү жайлардын биринен өрт чыгып, 2 адам күйүк алды

Бишкек шаарындагы дөңгөлөк желимдөөчү жайлардын биринен өрт чыгып, 2 жумушчу күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Октябрь районунун аймагындагы Л.Толстой көчөсүндөгү дөңгөлөк желимдөөчү жайдын ичинде болгон. Анда дөңгөлөк желимдөөчү жайдын эс алуу бөлмөсүнүн 20 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Ошондой эле 15 даана дөңгөлөк, 2 даана төшөк күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1996-жылы туулган К.Э. жана 1999-жылы туулган Ш.Ю. аттуу эки жумушчу күйүк алган. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан