Сокулук районунун Крупская айылындагы көлмөгө бир киши чөгүп кеткендиги тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 11-июлда саат 23:20 чамасында болгон. Издөө иштерине 12-июлда саат 6:00дө 5 куткаруучу чыгып, табылган жансыз денени Сокулук РИИИБине өткөрүп беришкен. Белгилей кетсек, 2013-жылдын башынан бери Кыргызстанда 57 адам сууга чөгүп каза болгон. Алардын ичинен 48 адам июнь айында сууга чөккөн.