Кыргыз спортчулары бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда медалдарга илинбей калышты

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында 18-ноябрда бильярд боюнча командалар арасындагы Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул мелдешке 13 өлкөнүн спортчулары катышып, байгелүү орундар үчүн күч сынашты.

Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке 3 команда катышты. Анда "КGZ-1" командасына Дастан Лепшаков менен Азиз Мадаминов кирсе, "КGZ-2" командасына Зайлан Адамов менен Канат Сыдыков жана "КGZ-3" командасына Арсен Каленбаев менен Ызат Ратбеков кирди.

Мелдештин жыйынтыгында Дастан Лепшаков менен Азиз Мадаминов 14-орунду ээлесе, Зайлан Адамов менен Канат Сыдыков 15-орунду ээлешти. Ал эми Арсен Каленбаев менен Ызат Ратбеков мелдеште бир дагы жеңишке жетпей акыркы орунда жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан