Бүгүн, 19-ноябрда дүйнө жүзүнө белгилүү, муз үстүндөгү бий боюнча Кышкы Олимпиаданын 2 жолку күмүш медалынын ээси Евгения Медведева 19 жашка толду. Муз үстүндөгү бийчинин аты маалымат каражаттарында дайыма чыгып турат. Жаш спортчу уламдан улам мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп, беделдүү мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеп келет. Евгения Медведева 16 жашында "Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери" наамына татыган. Орусиянын бир нече жолку чемпионунун байгелеринин арасында Дүйнө жана Европа чемпиондугунун алтын медалдары, Олимпиаданын күмүш медалдары бар. Ошондой эле ал бир нече жолу дүйнө рекорддорун койгон.
Евгения Медведева Орусиянын Москва шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Арман Бабасян жеке ишкер болсо, апасы Жанна Медведева - муз үстүндөгү бийчи, Москва шаарынын чемпиону болгон, бирок жаракат алып, карьерасын токтотууга аргасыз болгон.
Алгачкы кадамдар
Евгения Медведева муз үстүнө алгач 3 жашында чыккан. Аны апасы машыктыруучу Любовь Яковлевага алып барган. Кийинчерээк Яковлева декреттик өргүүгө чыгып, Медведева Елена Селиванованын алдында машыгып баштайт.
8 жашка чыкканда жаш бийчинин карьерасына дүйнөнүн мыкты машыктыруучуларынын бири Этери Тутберидзенин таасири тие баштайт. Ошол кезде Тутберидзе Евгениядан бир жаш улуу Юлия Липницкаяны дагы машыктырып жүргөн эле. Тажрыйбалуу машыктыруучунун колунда Евгения Медведеванын өнөрү ачылып, муздун ханышасы боло баштайт. Медведева менен Липницкая бирге бир нече жыл чогуу машыкканы менен, экөө баары бир дос боло алган эмес. Адистердин айтуусу боюнча, экөөнүн достугуна чемпиондук үчүн тиреш тоскоол болгон.
Чемпион Медведева
Чоң үмүттөрдү туудурган Евгения Медведева 12 жашында Орусиянын улуттук курама командасына кошулат. 2013-жылы ал Латвияда өткөн Гран-При мелдеште мыкты бий көрсөтүп 169,52 упай менен эл аралык мелдештерде алгачкы алтын медалын тагынган. Евгения Медведева спорт менен бирге окууну дагы ийгиликтүү алып кеткенге жетишти. Ал мектепте дагы мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп, сүйүктүү сабактары тарых жана биология болгон.
Латвиядан тагынган алтындан кийин Евгения Медведева Польшадан дагы бир алтын медалды тагынды. Бул ирет ал кыска жана эркин программада жалпы 179,96 упайга ээ болгон. Ошол эле жылы Евгения Медведева Японияда өткөн Гран-При мелдеште коло медалды алып, өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды тагынган.
2014-2015-жылкы сезондо Евгения Медведева өспүрүмдөр арасындагы мелдештерде ийгиликтин ээси болду. Ал Чехия жана Францияда өткөн Гран-При мелдештеринде алтын байгелерди утуп, өспүрүмдөр арасындагы Гран-Принин финалында дагы алтын медалды тагынган.
2015-жылы Медведева чоңдор арасындагы Орусия чемпиондугунда медалга ээ болгон спортчулардын арасына кире алды. Медаль коло болгону менен Евгения Медведева өспүрүмдөр арасындагы Өлкө чемпиондугунда алтын медалды тагынды.
2015-жылдын аягында Евгения Медведева чоңдор арасындагы категорияга өтүп, дароо эле Братиславада өткөн эл аралык мелдеште алтынды багындырды. Дем алууга жетишпей, Евгения Медведева АКШнын Миолука шаарына барып чоңдор арасындагы Гран-При мелдешинин алтынын тагынды.
2016-жыл дагы ал үчүн ийгиликтер менен башталды. Февраль айында жаш бийчи Европа чемпиондугунда 1-орунду ээлейт. Март айында 16 жаштагы Медведева Гран-При мелдешинин финалында алтын медалды утуп, Бостондо өткөн Дүйнө чемпиондугунда жеңишти камсыз кылат. Анда бийчи кыска жана эркин программа үчүн 223,86 упай алып дүйнө рекордун койгон.
Олимпиадага жол
2017-жылдын башында Медведева Чехияда өткөн Европа чемпиондугунда 2-алтын медалды жеңип, Дүйнө чемпиондугунда дагы 1-орунду камсыздайт. Токиодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда Евгения кыска программада 80,85 упай алып, кайрадан дүйнөлүк рекордду жаңылаган.
Бул жетишкендиктер менен Евгения Медведева 2018-жылы Түштүк Кореяда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында Орусия курамасына кошулган. Курамга Евгениядан башка Алина Загитова жана Мария Сотскова кирген.
Евгения Медведева Пйоңчаң шаарында өткөн Олимпиада оюндарында жеке жана командалык мелдешке катышкан. Командалык мелдеште Медведева командасына эң жогорку 10 упайды алып келгени менен Орусия курамасы 2-орунду ээлеп күмүш медалдарга ээ болушту.
Олимпиада оюндарында Евгения Медведева муз үстүнө чыгып, Фридерик Шопендин чыгармасына өзүнүн бийин аткарып, 81.61 упай алган. Бул көрсөткүч Олимпиада оюндарынын рекорду болгон. Бирок бул рекорд көпкө кармалган жок. Медведевадан кийин муз үстүнө чыккан Алина Загитова өзүнүн бийи менен калыстардан 82,92 упай алган. Эркин программанын жыйынтыгында Медведева жалпы 238.26 упайга ээ болуп, Загитова 239,57 упайга ээ болгон. Натыйжада алтын медалды Алина Загитова тагынса, Евгения Медведева күмүш медалды алып калган.
Күмүштөн кийинки жашоо
2018-жылдын апрель айында ЖМКлар Евгения Медведева машыктыруучусу Этери Тутберидзеден кете турганы айтылууда деп билдирип баштаган. Май айында Медведева Тутберидзе менен иштешүүнү токтотуп, канадалык Брайан Орсердин көзөмөлүндө июнь айынан тартып машыгып баштайт. Канадада машыкканы менен Евгения Медведева орусиялык спортчу бойдон кала берет.
Жеке жашоосу
Муз үстүндөгү бийчи Евгения Медведева ырчы Кристиан Костов менен сүйүү мамилесинде. Кристиан Костов 2017-жылы "Евровидениеде" Болгариянынын атынан катышып, 2-орунду ээлеген. Эки жаш музыкалык сынак жөнүндө даректүү тасманы тартуу учурунда таанышкан.