Бишкекте батареяга буту кыпчылып калган 5 жашар балага куткаруучулар жардам беришти

Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары батареяга буту кыпчылып калган 5 жаштагы балага жардам беришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрь күнү саат 17:03тө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматына маалымат келип түшкөн. Анда борбордогу Сүйүнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 5 жаштагы баланын буту батареяга кыпчылып калганы айтылган.

Окуя болгон жерге барган куткаруу кызматы баланын бутун батареядан чыгарып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Feiza1982
2018-11-20 00:53:58
Ии десе тентегим го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан