Нарын дарыясына чөгүп кеткен 5 балыкчынын бирөөсү табылды

8 күн мурун Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясына чөгүп кеткен 5 балыкчынын бирөөсүнүн денеси табылды. Бул маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. 19 жаштагы Эламан Абдраимовдун денесин жакындары жана айылдаштагы 10-июль күнү кечинде аталган дарыядан табышты. Ал Казарман айылынын тургуну болгон. Эскерте кетсек, 2-июлда Нарын дарыясына балык кармаганы чыккан 6 жаран кайыктан оодарылып, алардын бирөөсү өзүн-өзү куткарып калган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан