ЖЫЛНААМА, 19-НОЯБРЬ: Олимпиада, Дүйнө жана Европанын чемпиону, оор атлетика боюнча эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев 65 жашка чыкты

Бүгүн, 19-ноябрда Олимпиаданын чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, кыргыз оор атлетчи Каныбек Осмоналиев 65 жашка толду.

Каныбек Осмоналиев 1953-жылы Кыргыз ССРдин Кемин районундагы Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келген. Каныбек Осмоналиев 1 жашында атасынан айрылып, апасы 5 баласы менен калган. Кичинекей кезинен апасына жардам берип бир туугандары менен үйдөгү жумуштарды жасачу.

Оор атлетика

Мектепти бүткөн соң Каныбек Осмоналиев жогорку окуу жайга тапшырууну көздөгөн эмес, бирок апасы менен таякеси анын Фрунзедеги университеттин тарых факультетинде билим алуусун көздөйт. Каныбек Осмоналиев апасынын талабын аткарып, Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырат.

Ал кезде университеттерде окуу менен бирге спорттук бөлүктөрдө дагы окуш керек болгон. Каныбек Осмоналиев бою 1 метр 48 сантиметр болгонуна карабастан баскетболду тандайт. Бир күнү Осмоналиевдин курсташтары аны оор атлетика бөлүгүнө чакырып, 70 килограмм штанганы көтөрүп көрүүнү сунуш кылат. Осмоналиев штанганы бир нече жолу көтөрүп, аны көрүп калган машыктыруучу оор атлетика менен машыгууну сунуштайт. Каныбек Осмоналиев машыктыруучунун сунушуна макул болуп, оор атлетика менен Семен Иткиндин алдында машыгып баштайт.

Олимпиадага жол

3-курста Каныбек Осмоналиев спорттун чеберине талапкер болуп, ар кандай мелдештерге катыша баштаган. 1975-жылы Осмоналиев университетти аяктаган, анын дипломдук ишинин темасы "Кыргыз мамлекеттик университетиндеги оор атлетиканын туулушу жана өнүгүүсү" болгон. Ошол эле жылы Осмоналиев оор атлетика боюнча СССРдин чемпиону болот.

Олимпиада оюндары

1978-жылы Каныбек Осмоналиев Европа жана Дүйнө чемпиону болуп, 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарына СССР курама командасына кошулат. Олимпиадада Каныбек Осмоналиев 52 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алтын медаль үчүн болгон күрөш курч мүнөздө өткөн. 1-орун үчүн Каныбек Осмоналиев, венгриялык Белы Олаха жана түндүк кореялык Хан Ген Си менен Хо Бонг Чоль күрөшүп калган. Жулкуп көтөрүүдө Каныбек Осмоналиев 107,5 килограммды көтөрсө, кореялык атлеттер 110 килограммды көтөрүп, 4-баскычта Хан Ген Си 113 килограммды көтөрүп салган. Түртүп көтөрүүдө Осмоналиевдин мыкты көрсөткүчү 137,5 килограмм болуп, аталган 4 спортчунун жалпы көрсөткүчү 245 килограммды түзүп калды. Муну менен мелдештин эрежеси боюнча бирдей салмак көптөгөн атлеттер арасында жеңишке жеңил спортчу жетмек. Каныбек Осмоналиев венгриялык Белы Олаха менен түндүк кореялык Хан Ген Сиден 300 грамм жана түндүк кореялык Хо Бонг Чолдон 200 грамм жеңилирээк болуп калып, алтын медалды тагынган.

Каныбек Осмоналиев Олимпиада оюндарынын чемпионунан тышкары (1980-жылы) Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону (1978-1981) жана Европанын 2 жолку чемпиону (1978, 1981) болгон.

Жеке жашоосу

Каныбек Осмоналиев жубайы менен 19 жашында баш кошкон. Осмоналиевдин 4 уулу жана 3 кызы бар. 2 уулу оор атлетика боюнча спорт чеберине талапкер наамына ээ болсо, бир уулу оор атлетика боюнча спорт чебери наамынын ээси. 2000-жылы 4-октябрда Сидней шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын жабылыш учурунда Каныбек Осмоналиевдин улуу баласынын кызы төрөлөт. Каныбек Осмоналиев анын атын Олимпиада деп койгон.

19-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
isarti
2018-11-19 16:10:03
Кыргыз улутунан чыккан жападан-жалгыз олимпиада чемпиону К.Осмоналиевге миң мертебе сый урмат болсун!!! Арадан 38 жыл өтүптүр. Ошондон бери менмин деген бир да кыргыз олимпиаданын чемпиону боло элек, Сизге таазим этебиз, Олимпиада чемпиону.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан