Эртең, 20-ноябрда Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеш старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан кабарлашты.
Аталган мелдешке 12 жашка чейинки жаштар арасындагы Кыргыз жана Казак өлкөлөрүнөн 8 команда катышат. Анда Бишкектин "Дордой" жана "Илбирс", Канттын "Абдыш-Ата", Оштун "Академия", Алматынын "Кайрат", Тараздын "ОСДЮШ", Караганданын "Шахтёр" жана Шымкенттин "Ордабасы" командалары катышат.
Чүчү кулактын жыйынтыгында командалар 2 тайпага бөлүндү. Анда "А" тайпасына:
"Дордой",
"Академия",
"Кайрат",
"ОСДЮШ"
"Б" тайпасына:
"Илбирс",
"Абдыш-Ата",
"Шахтёр"
"Ордабасы" командалары кирди. Мелдештин жеңүүчүлөрү 24-ноябрда белгилүү болот.
20-ноябрда өтө турчу беттештер:
Саат 10:00дө: "Илбирс" - "Абдыш-Ата";
Саат 11:00дө: "Шахтер" - "Ордабасы";
Саат 12:00дө: "Дордой" - "Академия";
Саат 13:00дө: "Кайрат" - "ОСДЮСШ".